АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргыз өлкөсүнө АКШга кирүүгө чектөө койду. Мындан улам Кыргыз Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда бул чечим кыргыз-америка мамилесине таасирдүү залакасын тийгизгенин билдиришкен. Ал эми АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу бул толук чектөө эместигин айтты. Ал визаларды туристтерге, ишкерлерге, студенттерге жана жумушчуларга берүү улантыла бере турганын билгиледи.
SUPER.KG порталы "АКШ Кыргыз өлкөсүнө карата иммиграциялык виза алууга чектөө киргизди. Тышкы иштер министрлиги "кара тизмеге" кирбеш үчүн жетиштүү аракет көрдүбү?" деген собол салды.
Саясий серепчи Алмаз Тажыбай Тышкы иштер министрлиги АКШга кирүүгө чектөө кире электе иш алып барышы керек болчу деген пикирде.
"АКШ чектөө киргизе турган мамлекеттердин арасында Беларусь өлкөсү да бар болчу. Бирок алар тез арада сүйлөшүү жүргүзүшүп, маселени чечип коюшту да тизмеге кирбей калышты. Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги субъективдүү, объективдүү себептер менен маселени чече алган жок. "Кара тизмеге" киргизгенден кийин чыгаруу кыйын болот. "Кара тизмеге" кирбегенге аракет кылуу керек эле. Бул биздин жалпы аткаруу бийлик натыйжалуу иштебей жатканын билдирет", - дейт Алмаз Тажыбай.