Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чакыруусу менен 4-февралда Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын жаңы төрагасы Михаил Мясникович расмий иш сапары менен Бишкекке келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул анын чет өлкөгө жасаган алгачкы иш сапары.
Расмий иш сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен жолугушуулар пландалган.
Жолугушуунун жүрүшүндө 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБ рыногунда орун алган тоскоолдуктарды, алып коюуларды жана чектөөлөрдү четтетүү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин макулдашылган саясатын жана шайкеш мыйзамын жүргүзүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо пландалууда.