Бүгүн, 3-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Эмилбек Каптагаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда стратегиялык сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча аталган институттун ишмердигинин натыйжалуулугун жана ролун жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды. Эмилбек Каптагаев сунуштарды иштеп чыгуу жана стратегиялык өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу, институттун изилдөө ишмердигинин потенциалын күчөтүү жөнүндө маалымат берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эң маанилүү стратегиялык документтерин иштеп чыгуудагы институттун өзгөчө ролун белгиледи.