Польшага жумушка орноштурабыз деп 70тен ашуун кишини алдаган компаниянын кызматкери кармалды

Бишкекте "Арай-Глобал" компаниясынын кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиргендей, аталган компаниянын кызматкерлери Польшага жумушка орноштурабыз деп бир канча кишини алдаган.

Укук коргоо кызматкерлерине И.Э. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Арай-Глобал" компаниясына карата чара колдонууну өтүнгөн. Арыздануучунун айтымында, компаниянын кызматкерлери Польшага жумушка орноштурабыз, виза алып беребиз деп 800 доллардай каражатын алып, изин жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Кылмышка шектелип 35 жаштагы К.А. колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочуу жайга киргизилди. Шектүү кармалгандан кийин Биринчи Май РИИБине 70тен ашуун жаран кайрылып, "Арай-Глобал" компаниясынын кызматкерлерине алданганын билдиришти. Учурда тергөө иштери улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2020-02-04 11:10:32
Польшага жумушка орноштурабыз деп телевизордон да реклама кылып жатышты эле го,баарын соттоп и ишканасын кошо жаап ташташ керек!
+2
Adil18
2020-02-04 16:47:53
Dembele84,
Туура айтасыз.
Телеканалдар жугуртмо саптагы рекламанарды чыгарганга жараша катталган,катталбаганын тактап чыгарыныздарчы!
Бугунку кундо жумушсуздар абдан коп.Агентсволор убадаларды берип жатышат жумушка орноштурабыз,жатакана,тамак-аш акысыз.Билет алып беребиз.Польшага кетээрдин алдында 500$ бересиз.Калган 1000$ды барганда 2-3 айда бересиз деп.
Телеканалдар акча деп элдерди азапка салбагыла,жалганчылардын максаттарын ишке ашырып бкрбениздер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан