Өкмөт башчы вице-премьер-министр кызматына Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлик кызматка жаңы адамдын талапкерлигин көрсөттү. Тагыраагы, аталган кызматка Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Ал эми учурда вице-премьер-министр кызматын аткарып жаткан Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри кызматына көрсөтүлүүдө.

Өкмөт башчынын айтымында, Асрандиев финансылык-экономикалык маселелерге жооп берет, мындан улам вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун милдеттеринин айрым бөлүгү алынат.

"Силер чек арага көп көңүл бурулбай жатканын айтып келесиңер. Ошондуктан Жеңиш Разаковдун айрым милдеттерин башкаларга бөлүп берип, чек ара маселесин Разаковго калтырабыз", - деди ал.

Өзгөчө кырдаалдар министринин креслосу 23-январдан бери бош турган. Аталган кызматтан бошотулган Нурболот Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан