Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катуу сабалып каза болгон 2 жашар баланын атасы Орусиядан келип, жакындарына эч кандай доосу жок экенин билдирген. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
"Бул окуяга факты менен гана иш козголгон. Ал эми баланын атасы Орусиядан келсе дагы арыз жазган эмес. Ал келини бул ишке барганына ишенбей жатканын айткан", - деди милициядан.
Окуянын чоо-жайы:
27-январь күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасына 2017-жылы туулган баланын жансыз денесин алып келишкен. Анын денесинде көптөгөн көк ала тактар бар болгон. Бул факты боюнча окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барган. Алар бардык тийиштүү маалыматтарды Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "денеге оор залал келтирүү" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү катары баланы карап жүргөн жеңеси Д.А. суралууда. Анын колунда кичинекей баласы жана андан сырткары өспүрүм балдары бар. Чарчап калган баланын атасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми апасы 2019-жылы каза болуп калган.
Учурда даярдалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.