Кыргыз өлкөсү менен АКШнын Тышкы саясий ведомстволорунун башчылары Ташкентте жолугушту

Ташкент шаарында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысы Майкл Помпео менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жолугушууда Кыргыз өлкөсү менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору, Кыргыз жарандарына карата киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. Биометриялык паспорттор дагы киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен тандалып Кыргыз өлкөсүнө карата чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тарап таң калуусун билдирди. Кыргыз өлкөсү коопсуздукту камсыздоо боюнча процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналарын, ошондой эле террорчулук менен күрөшүүгө өзүнүн өзгөчө салымын кошуп келгендигин жана кошуп жаткандыгын министр баса белгиледи. Тараптар кыргыз-америка мамилелеринин бардык жактан өнүктүрүү керектиги тууралуу сүйлөшүштү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан