"Иним дем албай жатат". Сузакта катуу сабалып каза болгон 2 жашар баланын окуясынын чоо-жайы

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Абдыкерим Мусаев Сузакта сабалып каза болгон 2 жашар наристе тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Наристени ата-энеси өздөрү эле багып жүргөн. Бирок 2019-жылдын февраль айында баланын апасы каза болуп калган. Андан соң наристени Ноокат районунда жашаган таенеси менен таятасы алып кетишкен. Октябрь айында каза болгон келиндин жолдошу ага жылдык өткөрүүгө келип, Ноокаттан баласын алып келген. Чарчап калган баланын 2014-жылы туулган эжеси дагы бар. Жылдыкты өткөрүп, бир тууган агасынын аялына балдарды таштап, өзү кайра Орусияга кеткен. Бирок атасы балдарын бир тууганына таштап жатканын айтып, тийиштүү кызматкерлерге маалымат дагы берген эмес.

Ушул жылдын 27-январында бала чарчап калган. Окуя катталган күнү жеңеси үйдө болгон эмес. Ал шаарга базарга кеткен. Наристени жана өзүнүн дагы кичине балдарын 2007-жылы туулган баласы карап калган. Наристе ошол убакта эсин жоготкон. Аны карап калган аялдын баласы коңшусуна "иним дем албай жатат" деп чуркап барган. Кошуна келип, балага эки кашык суу берген. Бирок ал бир кашык сууну ичип, экинчисин кыйналып жута албай койгон. Анан үйдүн ээсине телефон чалганда, ал базардан үйгө жетип калганын айткан. Ал келип эле өзү базардан келген такси менен баланы алып, ооруканага жөнөгөн. Дарыгерлердин маалыматы боюнча, бала ооруканага келгенге чейин эле каза болгон. Балким жолдо үзүлгөн.

Экспертизалар дайындалган. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошондой эле балада окуя болгон күндөн башка дагы денесинде көк ала тактар бар болгондуктан, биз бала мурда дагы кордукка кабылганбы деп жатабыз. Шектелип жаткан жеңеси сурак берген учурда биздин кызматкерлер дагы катышты. Наристенин атасы дагы Москвадан келди. Бирок атасы "Кудайдан көрөм" дегендей мамиле кылып, биз менен сүйлөшкөндөн дагы баш тартып жатат. Мындан улам чарчап калган баланын атасы жеңесин коргоп коюшу мүмкүн деген версия менен биздин бир кызматкерди каза болгон баланын мыйзамдуу өкүл катары каттоодон өткөрдүк. Тергөөчүдөн дагы аныктама чыкты. Азыр биздин кызматкерде баланын атасындай эле укуктары бар.

Шектелип жаткан аялдын дагы кичине балдары бар болгондуктан, анын баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Ал тергөөгө келип, кетип турат. Ал эми чарчап калган баланын бир тууган эжесин атасы Москвага алып кетем деп жатат. Анын өзүнүн эрки. Анткени ал Орусиянын жарандыгын алган. Ал эми апасы Сузак районунан каттодон чыгып, бирок ал Орусиянын жарандыгын алганга жетпей каза болуп калган экен", - деди Мусаев.

Окуянын чоо-жайы:

27-январь күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Сузак районунун Октябрь айылдык ооруканасына 2017-жылы туулган баланын жансыз денесин алып келишкен. Анын денесинде көптөгөн көк ала тактар бар болгон. Бул факты боюнча окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барган. Алар бардык тийиштүү маалыматтарды Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "денеге оор залал келтирүү" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү катары баланы карап жүргөн жеңеси Д.А. суралууда. Анын колунда кичинекей баласы жана андан сырткары өспүрүм балдары бар. Чарчап калган баланын атасы Орусияда иштеп жүргөн. Ал эми апасы 2019-жылы каза болуп калган.

Учурда даярдалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.

SUPER.KG порталы чарчап калган баланын жакындары бул окуя тууралуу өз версиясын айтып беришсе, жарыялоого даяр.

Сузакта сабалып чарчап калган наристенин окуясынын чоо-жайы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
seed
2020-02-04 16:41:28
Ото аянычтуу... Балапан десе.. Балада эмне куноо.. Наристени кандай адам сабайт.. Таене таятасына бергиле кызын. Москвада дагы атасы иштейт да. Кызын бироого калтырышы керек болот.
+14
Aimani
2020-02-04 16:58:50
Эки жаштагы бала өзүнөн өзү дем ада албай, анан чарчап калбайт да. Балдар деле өлөрчо сабабайт да. Баланын атасы бир туугандары менен мамилени бузгусу келбей жатса керек
+5
katerina.li
2020-02-04 17:24:50
Эми башка вариант болуп жазылып калыптыр. Уруп сабаган женеси базарда деген вариант пайда болуп калыптырго
+5
Avrora2017
2020-02-05 04:31:02
katerina.li,urup sabap koup dele bazarga ketip kalyshy mumkun jenesi alibi kylysh uchun, korduda ondurbai sabaganyn emi dokontsa tanat moununa ailbai, balasy turtup iigen dép chykpasa boldu
0
madina.87
2020-02-04 18:25:15
Ошол күнү больницада менин апам дарыланып жаткан. Мен чалган маалда ушул окуя катталып жаткан экен.Женесинин 6-класста окуган баласы уруп өлтүрүптүр деп айтышты эле.Атасы башка аял алып кетип калган экен. Атасына да баарибир экинчи аялы бар экен.Балага эле жалка
+8
Patirot
2020-02-05 10:32:50
Бул менин кайнагамын балсы 3 баласы менен москвада эле апасы оруп калып былтыр кыргызстанга балдарын алып келди эле жылдыка келгенде ноокатан алып келип женесине берген кызы менен баласын ноябрда жакшына эле 2 айда эле кантип чарчап калсын кайнагам акасинин балдарын ойлоп тосмо арыз жазды
0
kaisarbek
2020-02-05 15:19:03
Patirot, Тушунбодум кичине утур, точка менен болуп жазсаныз болмок экен. Кимдин апасы ооруп калып келген балдардынбы тиги кишининби? Кайнаганыздын баласы болсо, анын женеси сизге абысын болобу ошондо? Сузактын кайсы айылында болуптур?
0
Patirot
2020-02-05 16:54:05
kaisarbek,Балдардын Апасы Оруп келип Отуп кеттиго
0
jasi
2020-02-05 21:49:45
Бейкуноо наристени карай албасанар, карабайм деп алып калбай койбойбу акмак. Байкуш убалы кимге Эми?! Канчалаган пенделер тырмака зар болуп журушот, силерге бала керек болбосо багып алчуларга бербейсинерби!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан