Жогорку Кеңештин комитетинде 28 калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталды

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында аймактардагы 28 калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү сунушталды.

Анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Бахтияр Салиев бул долбоорду ишке ашыруу үчун 5 миллион сом каражат керектеле турганын айтты.

“Бул конуштарда жалпысынан 52 миң 590 адам жашайт. Аталган калктуу конуштарда калк жашоого ыңгайлашып калган. Калктуу конуштардын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенет”, - дейт ал.

Депутат Кенжебек Бокоев “Конуштардын ичинде дачалар барбы?” деп сурады.

"Дачалар бул мыйзам долбоорго кирген жок, анткени алар айыл чарба участоктору катары саналат”, - деп жооп берди Салиев.

Депутат Иса Өмүркулов дачалар жөнүндө абайлап сүйлөө керек, алардын социалдык статусу аныктала элек экендигин эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан