Иса Өмүркулов: "Өкмөттөгү кадрдык алмашуулар фракция лидерлери менен талкууланган"

Өкмөт тарабынан сунушталган кадрдык алмашуулар легитимдүү эмес, анткени ал маселе көпчүлүк коалиция тарабынан талкууланган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлик кызматка Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевдин, ал эми учурдагы вице-премьер-министр кызматын аткарып жаткан Замирбек Аскаровду өзгөчө кырдаалдар министри кызматына көрсөткөн.

Өкмөт башчынын айтымында, Асрандиев финансылык-экономикалык маселелерге жооп берет, мындан улам вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун милдеттеринин айрым бөлүгү алынат.

"Кадрдык алмашуулар тууралуу маселени биринчилерден болуп коалиция караш керек эле. Өкмөт отставкага кетсин же коалицияны таратыш керек", - дейт Абдылдаев.

Буга байланыштуу депутат Иса Өмүркүлов: "Мындан ызы-чуу чыгарыштын деле кереги жок. Маселе фракция лидерлери тарабынан талкууланган", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан