Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун ордуна Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри кызматына көрсөтүлдү. Анда депутат Кенжебек Бокоев азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Абылгазиев өкмөттүн отставкага кетүүсүнө убакыт келе электигин айтты.
SUPER.KG порталы "Депутат азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Сунушка кошуласызбы?" деген собол салды.
Саясатчы Бектур Асанов сапаттуу парламент келгенге аракет кылуу керек деген пикирде.
"Азыркы учурда өкмөттү кетиргенден эч нерсе өзгөрбөйт. Парламенттин абалы ушул. Азыр бир гана нерсеге аракет кылышыбыз керек. Парламенттик шайлоого аз убакыт калды. Сапаттуу парламентке келгенге аракет кылуу шарт. Ошондо гана бир нерсе өзгөрөт", - дейт Бектур Асанов.