Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун ордуна Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри кызматына көрсөтүлдү. Анда депутат Кенжебек Бокоев азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Абылгазиев өкмөттүн отставкага кетүүсүнө убакыт келе электигин айтты.
SUPER.KG порталы "Депутат азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Сунушка кошуласызбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөттү алмаштырганда жыйынтык чыкпай турганын айтты.
"Бул сунушка кошулбайм. Аз эле калды. Парламенттик шайлоо бүтсүн андан кийин жаңы өкмөт келет. 6 айга бир өкмөттү бекиткенден жыйынтык чыкпайт. Азыр жаңы премьер-министр келсе, жумушка киришкенче эле 3 ай өтүп кетет. 3 айдан кийин парламенттик шайлоо башталат", - дейт Бекешев.