Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун ордуна Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү. Ал эми Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри кызматына көрсөтүлдү. Анда депутат Кенжебек Бокоев азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Абылгазиев өкмөттүн отставкага кетүүсүнө убакыт келе электигин айтты.
SUPER.KG порталы "Депутат азыркы өкмөттүн баштапкы курамынын 20 пайызы эле калганын айтып, өкмөткө отставкага кетүүнү сунуштады. Сунушка кошуласызбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев туруктуу иштеген өкмөт керектигин билдирди.
"Өкмөт ордунда турбайт, дайыма жашоо өзгөрүп турат. Бирөө келет, бирөө кетет. Менин жеке көз карашым боюнча, туруктуулукту колдойм. Өкмөт жыйынтык алып келсе жакшы болмок. Өкмөттүн жасаган ишине жараша баа берүү зарыл. Жылдын жыйынтыгы менен баа берилет. Бизге туруктуу, жакшы иштеген өкмөт керек", - дейт Карашев.