Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө алгачкы чет өлкөлүк расмий сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Абылгазиев Михаил Мясниковичке жаңы кызмат ордунда ийгиликтерди каалады.
Жолугушууда Евразия экономикалык бирлигинин учурдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана интеграциялык биримдикти мындан ары өнүктүрүүнүн башкы артыкчылыктары талкууланды.
Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык бирлигинин рыногунда орун алган тоскоолдуктарды четтетүү чараларын сапаттуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурдурду.
Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын улуттук деңгээлден жогорку компетенциясын күчөтүү маселеси, 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтин долбоору талкууланды.