Вице-премьерликке талапкер Эркин Асрандиев ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды жоюу боюнча пландарын айтты

Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун ордуна Эркин Асрандиевдин талапкерлиги каралды.

Анда депутат Кенжебек Бокоев Эркин Асрандиевден ЕАЭБ байланыштуу маселелер боюнча пландары кандай экенин сурады. "Менде эмне үчүн бул кызматка сиздин талапкерлигиңиз тандалып алынганы боюнча суроо жаралып жатат. ЕАЭБге байланыштуу маселелерге кандай чара көрөсүз?" - деп сурады депутат.

Эркин Асрандиев ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтты. "Менин оюмча, тоскоолдуктар бар, бирок ошол эле учурда биз тараптан дагы кемчиликтер бар. Ошондуктан биз лабораториялардын макамын жогорулатышыбыз керек. Бирок биринчи кезекте өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүү зарыл", - деди Асрандиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан