Бишкекте 12 миң доллар уурдаган жаран 2 айга камакка алынды

Бишкекте ири суммадагы акча каражатын уурдаганга шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Ленин райондук сотунун чечими менен шектүү 2 айга СИЗО-1ге киргизилди. Маалыматты Ленин РИИБинен кабарлашты.

2019-жылдын 24-декабрында Дэн Сяопин кең көчөсүндөгү унаанын ичиндеги барсетканы белгисиз жарандар уурдап кетишкен. Анын ичинде 12 миң доллар өлчөмүндөгү акча болгондугун айтып, жабырлануучу укук коргоо кызматкерлерине кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Ыкчам тергөө тобу шектүү делинген 1973-жылы туулган О.Ж. аттуу жаранды кармашты. Сот шектүүгө карата чечим чыгарды. Учурда анын мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экенин аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Chungyz
2020-02-05 09:01:21
акча жок болсо керек
-1
Wibee
2020-02-05 10:12:19
Chungyz,акча жок болсо эле кылмыштуулука барыш керекби? Иштесин араба түртсүн мардикер болуп элге иштеп акча тапсын.Мындайларды арам тамак кылмышкер ууру дейт.
+1
stal.ks
2020-02-05 09:14:51
дэн сяопин деген кочо дейби?
+1
chake
2020-02-05 10:19:41
уурулардын жакшысы жок мындай шакалдарга катуу жаза киргизилсе жакшы болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан