Депутат Бекешев өкмөт башчыга төрт вице-премьер көп экендигин айтты

Өкмөт башчыга төрт вице-премьер-министр ашыкча болуп калат. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Жыйында вице-премьер-министр кызмат ордуна Эркин Асрандиевдин талапкерлиги каралууда.

Дастан Бекешевдун "Сизге төрт вице-премьер-министр керекпи, көп эмеспи? деген суроосуна өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев "Иш көп, ашыкча эмес" деп жооп берди.

Мындан тышкары, депутат Асрандиевдин фонддогу алган айлыгы жогору болгонун, кантип айлык акысы 10 эсеге аз болгон жумушка келүүгө макул болгонуна кызыкты. Буга карата Мухаммедкалый Абылгазиев Эркин Асрандиев мамлекетке кызмат кылууга кызыкдар экенин, мындай учурда айлык маселеси башкы ролду ойнобой турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан