2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүүгө азырынча Катар өлкөсү даяр эмес. Бул тууралуу ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Будапештте өткөн эл аралык спорт ассоциациясынын жыйынында билдирди.
"Катар өлкөсү азырынча чемпиондукту өткөрүүгө даяр эмес. Бирок алар башка өлкөлөргө салыштырмалуу бат эле даяр болуп калышат. Чемпиондукка 2 жыл калганда аларда баары даяр болот. Бул дүйнө биринчилиги адамзатка чоң бурулуш алып келет. Себеби адамдар Катарга футбол көрүү үчүн барганда дүйнө жүзүнө кантип калыс мамиле жасаш керек экенин көрүшөт. Дүйнө чемпиондугу ушуга жардам берет", - деп билдирген ал.