Өзгөндө унаа менен кошо күйгөн 7 киши. 10 бала атасыз калды

Өзгөндө унаа менен кошо күйүп кеткен маркумдардын бири бир апта мурун үйлөнгөн. Бул тууралуу Өзгөн районуна караштуу Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Каримжан Турдумаматов SUPER.KG порталына билдирди.

"Маркумдар Мырза-Аке айылынан улак тартыштан келе жатып, кырсыкка кабылышкан. Алардын баары Большевик айылынын тургундары", - деди айыл өкмөт башчы.

Каза болгондор:

1975-жылы туулган К.Н. 4 баласы калды.

1979-жылы туулган П.Б. Үч баласы калды.

1990-жылы туулган А.Б. Бир уулу калды.

1992-жылы туулган М.у.Б. Бир кызы калды.

1993-жылы туулган Т.Т. Бир уулу калды.

1993-жылы туулган Ш.у.М. Үйлөнгөнүнө 6 ай болгон.

1994-жылы туулган Т.Ы. Үйлөнгөнүнө бир апта болгон.

3-февралда Өзгөндө айдоочу рулга ээ боло албай электр мамысын сүзүп, өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгонун ӨКМнын басма сөз катчысы билдирген болчу. Кечээ, 4-февралда маркумдардын сөөгү бир жерден жерге берилген.

Өзгөндөгү кырсыктан 10 бала атасыз калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Adil18
2020-02-05 10:59:20
Жаткан жерлери жайлуу,топурагы торко болсун.
Бейиштен орун насип кылган болсун.
Билип,билбей кылган куноолорун кудайым кечирген болсун.
+33
lazygirl
2020-02-05 13:15:34
Каап, үйлөнгөнүнө 6 ай, 1жума болгондору да бар экен да( Аллахым күнөөлөрүн кечирсин.
+10
JaneEr
2020-02-05 13:59:20
10 бала жетим,7 аял жесир.Жаткан жерлнои жайлуу болсун.
+4
okumushtuu
2020-02-05 15:28:04
кагылайын кыргызым согуштан жаман кырылып жатабыз го деги рулга отурганда арак ичпей, же катуу айдабай, этият болуп, айдаш керек карачы боодо 7 аял жесир 10 бала жетим болду ушу жакшыбы эми куноо кимде. Менин оюмча куноо аракта. Улакка барганда вой эчтеке болбойт жеп 100 грамм ичкен анан машинаны 120-130 менен айдаган
+8
Aikaaaa
2020-02-05 20:31:18
okumushtuu, 100 грамм эле болсо жакшы го, ушу андан көп болсо керек. Тем более жаңы үйлөнгөн бала бар экен, повод болгон да ичкенге. Болбосо жаңы үйлөнгөн бала шашса керек үйүнө. Азыр эртеле кеч кирет, анан түнкү 3 жарымга чейин эмнеге жүрүшмөк эле
+3
Ermek010292
2020-02-05 15:35:40
Кайран жаштар кете берди!!!
Ото окунучтуу окуя , 4-адам олтурган жерге 7-ти адамды тыгып да айдайбы!!! Кара 10-бала атасыз калды!!!
+5
Gulzina1993
2020-02-05 17:38:18
Аллахым бейиштен жай берсин, баарыбызды боло кырсыктан сактасын .. этияттап айдагылачы айдоочулар уйдо уй.булонор кутуп атканын унутпагыла
+2
airada
2020-02-05 19:44:19
Бечаралар жапжаш бойдон кете беришти
+2
DanilAylin
2020-02-06 00:15:43
жалан эле жапжаштар экен эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан