Вице-премьер кызматына талапкер Эркин Асрандиев: "Мамлекеттик ипотеканын пайыздык ченемдерин төмөндөтсө болот"

Мамлекеттик ипотеканын пайыздык ченемдерин түшүрүү жолдорун карап чыкса болот. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда вице-премьер кызматына талапкер Эркин Асрандиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эркин Асрандиев Жогорку Кеңеште анын талапкерлиги жактырылса, ишин үч багытта иштөө менен баштаарын экенин айтты.

"Биринчиден Евразиялык экономикалык союз багыты боюнча Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын чек ара маселесиндеги көйгөйлөрдү чечүү. Экинчи багыт инвестиция алып келүү, үчүнчү багытым аймактардагы ишкерлерге шарт түзүп берүү", - дейт Асрандиев.

Депутат Марлен Маматалиевдин: "Мамлекеттик ипотеканын пайыздык коюмдарын төмөндөтүүгө мүмкүнбү?" деген суроосуна Асрандиев: "Азыркы пайыздык ченемдер акыркы убакытта төмөндөтүлдү. Мындан ары дагы түшүрүү жолун карап чыкса болот. Эң негизгиси ипотекада көбүрөөк каражатты таап келүү керек. Себеби муктаж болгондор көп", - деп жооп берди.

Жогорку Кеңеште вице-премьер кызмат ордуна Эркин Асрандиевдин, Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Замирбек Аскарбековдун талапкерлиги каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан