Ат-Башыдагы логистикалык борбор боюнча түшүндүрмө иштери начар жүрүүдө. Мындай пикирин бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев билдирди.
Депутат логистикалык борбордун шарттары, эмне үчүн 49 жылга 200 гектар берилгени жана Кытай жарандарынын келиши тууралуу маалымат жакшы берилбей жатканын айтты.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Ар ким мыйзамдын чегинде жазылган милдеттерин аткарса эле корко турган эч нерсе жок. Кытайдан келген инвестор канча жаранын алып келсе болот, пайызы канча? Бул боюнча келишимде жазылган. Ал жакта атайын кызматтар бар, алар убагында текшерип, инвентеризация жүргүзүп турса көйгөй жаралбайт. Мындан тышкары, чек арадан өлкөгө кирип чыккандардын статистикасын карап турса болот. Кытайлар көбөйүп кетет деп корккон туура эмес".
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында вице-премьер кызмат ордуна Эркин Асрандиевдин, өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Замирбек Аскарбековдун талапкерлиги каралууда.