Эки жылга жетпеген мөөнөттө өкмөттүн алмашпаган эки министри жана үч вице-премьери калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат өкмөт башчыга Жеңиш Разаковду эки жакка, ЕАЭБге жана чек арага куратор кылып дайындаганын айтып нааразы болду.
"Разаков эң негизги эки нерсени чече албай койгон. Алар: бажыдагы унааларга болгон жеңилдетилген тарифтерди жана Орусиядагы мекендештердин акча которууларына коюлган 100 миң сомдук чекти чече албай койду. Командадагы эң алсыз звено, Замирбек Аскаров эмес, Разаков болчу", - дейт депутат.
Жогорку Кеңеште вице-премьер кызмат ордуна Эркин Асрандиевдин, Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Замирбек Аскарбековдун талапкерлиги каралууда.