Депутат Бокоев: "Өкмөт отставкага кете тургандай курамы алмашты"

Өкмөт отставкага кете тургандай курамы алмашты. Мындай пикирди бүгүн, 5-февралда депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Эки жылга жетпеген убакытта 15 министр, 1 вице-премьер-министр алмашыптыр. Өкмөттүн дээрлик толук курамы өзгөрдү. Эми вице-премьердин деңгээлинде өз калоосу менен арыз жазып кетип жатса, баарыңар акылдашып туруп отставкага кетип кала тургандай курамыңар калды. Бул маселенин моралдык жагы", - дейт депутат.

Жогорку Кеңеште вице-премьер кызмат ордуна Эркин Асрандиевдин, Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына Замирбек Аскарбековдун талапкерлиги каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан