Кыргыз ырчылары Москва шаарында пландалган Орусиянын маданият күндөрүнө арналган концертке чоң курам менен катышууга даярдык көрүп жатышат. Иш-чара тууралуу "Музаман" тобунун ырчысы, жеке ырчы Аксай Мукамбет уулу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"17-18-февралда Москва шаарында Орусиянын маданият күндөрү өтмөкчү. Кыргыз ырчылары 200дөн ашык чоң курам менен кетип жатабыз. Мамлекеттик деңгээлдеги чоң концертте Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Керим Турапов, Саламат Садыкова баш болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, Бактыгүл Бокоева, мен жана бир топ ырчылар оркестр менен ырдайбыз. Ырчылардан тышкары, Шаардык мэриянын оркестри, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера-балет театрынын хор тобу, симфоникалык оркестр, "Акмарал" бий ансамбли бармакчы", - дейт Аксай.