Депутат Кенжебек Бокоев парламентке өкмөт башчы келсе, бул жакта 30 гана адам отурат дейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бул көрсөткүч өкмөттүн кадыр-баркын билдирип турат. Өкмөт башчы келгенде 120 депутаттан жок дегенде 100 адам отуруп, суроолорун бериш керек эле", - дейт Бокоев.
Буга карата өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Мен Жогорку Кеңешке буйрук бере албайм. Регламент бар, аны өзүңөр билесиңер да" , - деп жооп берди.