"Клибиме балам дагы тартылды" деген Айганыш Абдиеванын чыгармасы "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун ырчы Айганыш Абдиеванын "Өтөр, кетер" клиби толуктады.

"Клиптеги балдардын бири менин балам. Баланын бир аз чоңоюп калган учурун тартыш керек болуп, уулумду тартканбыз. Кантип тартылат деп кыжаалат болгом, бирок уулум сезди окшойт, кыйынчылык жараткан жок. Ал эми өспүрүм баланын ролун тааныштарымдын баласы ойногон", - дейт ырчы.

29-ЯНВАРДАН 5-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Кубаныч Баркалбасовдун "Айдайым" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.

9-орунга - Турдакун Ниязалиевдин "Асыл апам" чыгармасы жайгашты.

8-орунду - Айпери Кулбаеванын "Ата" видеоклиби багындырды.

7-орун - Добрдын "Эр жигиттер" аталышындагы клибине буюрду.

6-орунду - Айдана Деканын "Сезим менен" видеоклиби камсыздады.

5-орунга - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" видеоклиби жайгашты.

4-орунду - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клиби ээледи.

3-орунду - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" чыгармасы багындырды.

2-орунду - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.

1-орун - Үмүтай Абдышованын "Жүрөктө сүйүү боздойт" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан