Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чоң мамлекеттер ЕАЭБдин чечимин аткарбай, бут тосуу болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кечээ Евразия экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович өлкөгө келип, жолуктук. Биз бир нече талаптарды койдук. Бул жерде "чоң мамлекет чоң чечет, кичинекей мамлекет баш ийет" болуп жатат. Алматыга барганда дагы өзүмдүн сөзүмдү Казакстандын премьер-министрине айттым. Ооба, жакшы жетишкендиктер бар, бирок элге бут тосмой, акча которууну азайтуу көйгөйүү дагы бар. ЕАЭБдин бардык чечимдери бүт мамлекеттерде аткарылышы керек", - дейт Абылгазиев.