КҮНСОБОЛ: Өкмөт башчы ЕАЭБ алкагында Казакстан менен Орусия тарабынан бут тосуулар болуп жатканын айтты. Өлкө пайдасы жок биримдикте калышы шартпы? Султанбеков: "ЕАЭБде Кыргыз мамлекети үчүн мыкты шарттар түзүлгөн"

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чоң мамлекеттер ЕАЭБдин чечимин аткарбай, бут тосуу болуп жатканын айтты. Ал бул жерде "чоң мамлекет чоң чечет, кичинекей мамлекет баш ийет" болуп жатат деген пикирин билдирди. Өкмөт башчы ЕАЭБдин бардык чечимдери бүт мамлекеттерде аткарылышы керектигин белгиледи.

SUPER.KG порталы "Өкмөт башчы Абылгазиев ЕАЭБ алкагында Казакстан менен Орусия тарабынан бут тосуулар болуп, маселелер чечилбей жатканын айтты. Өлкө пайдасы жок биримдикте калышы шартпы?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков Евразиялык экономикалык биримдикте Кыргыз мамлекети үчүн мыкты шарттар түзүлгөнүн айтты. "Алардын ичинде төрт экономикалык эркиндик, миллиондон ашуун мигранттардын жашоосун жеңилдетүү үчүн патент алынган. Он миңдеген адамдар "кара тизмеден" чыгышкан. Кыргыз өлкөсү 500 миллион доллар грантка жетишип, бүгүнкү күнү кайрадан өнөр жайлар курулууда. Кыргыз мамлекетинин айдоочулук күбөлүктөрү Орусияда жарактуу. ЕАЭБде көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар, бирок мамлекет аны пайдалана алабы же жокпу ал мамлекеттердин жетекчилеринен көз каранды. Ошондуктан Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндөгүдөй иштешсе, мыкты эле жетишкендиктерге ээ болушмак. Абылгазиев ЕАЭБге эмес, өзүнүн алсыздыгына, билимсиздигине таарынышы керек", - дейт Султанбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан