Экс-депутат Каныбек Осмоналиев: "ЕАЭБге киргендин түйшүгүн көрүп жатабыз". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чоң мамлекеттер ЕАЭБдин чечимин аткарбай, бут тосуу болуп жатканын айтты. Ал бул жерде "чоң мамлекет чоң чечет, кичинекей мамлекет баш ийет" болуп жатат деген пикирин билдирди. Өкмөт башчы ЕАЭБдин бардык чечимдери бүт мамлекеттерде аткарылышы керектигин белгиледи.

SUPER.KG порталы "Өкмөт башчы Абылгазиев ЕАЭБ алкагында Казакстан менен Орусия тарабынан бут тосуулар болуп, маселелер чечилбей жатканын айтты. Өлкө пайдасы жок биримдикте калышы шартпы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев убагында ЕАЭБге кирүүгө каршы чыгышкандарын билдирди.

"Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутат катары ЕАЭБге кирүүгө каршы чыгып, ошондо эле өзүбүздүн бир топ пикирлерибизди айткан болчубуз. Бирок мурдагы президенттин кысымы менен ошол кездеги премьер-министрдин жасалма аргументтерин биринчи орунга койгонбуз. Ошонун түйшүгүн мына көрүп жатабыз. Биздин кошуна мамлекеттер Өзбекстан, Тажикстан ЕАЭБге кирбей койгону менен уткандыгын бүгүнкү күнү ашкерелеп турат. Бул нерсе биздин премьер-министрге эми жеткен болсо анда, бул биздин чоң трагедия. ЕАЭБди таңуулоо менен анын артында чоң саясат тургандыгын биз аңкоолук кылып убагында байкабай калганбыз. Ал кандай чечилет? Буга абдан чоң саясий эрк керек болот", - дейт Осмоналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан