Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев: "ЕАЭБ алкагында кемчиликтер болсо өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, аны жоюуга аракеттер көрүлүшү керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чоң мамлекеттер ЕАЭБдин чечимин аткарбай, бут тосуу болуп жатканын айтты. Ал бул жерде "чоң мамлекет чоң чечет, кичинекей мамлекет баш ийет" болуп жатат деген пикирин билдирди. Өкмөт башчы ЕАЭБдин бардык чечимдери бүт мамлекеттерде аткарылышы керектигин белгиледи.

SUPER.KG порталы "Өкмөт башчы Абылгазиев ЕАЭБ алкагында Казакстан менен Орусия тарабынан бут тосуулар болуп, маселелер чечилбей жатканын айтты. Өлкө пайдасы жок биримдикте калышы шартпы?" деген собол салды.

Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев ЕАЭБ алкагында кемчиликтер болсо өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, аны жоюуга аракеттер көрүлүшү керектигин айтты.

"Премьер-министрдин минтип айтканы таң калыштуу. ЕАЭБ алкагында кемчиликтер болсо өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшүү жүргүзүп, аны жоюуга аракеттер көрүлүшү керек. Биримдикке кирип жаткандагы макулдашуулардын баары иштегендей кылуу зарыл. Анан ошого кудурети, дарамети жетпей жатса башка мамлекеттер күнөөлүү эмес да. Өзүбүздүн кемчилигибизди билбей башкаларга шылтай берген туура эмес го", - дейт Дүйшөбаев

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан