Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чоң мамлекеттер ЕАЭБдин чечимин аткарбай, бут тосуу болуп жатканын айтты. Ал бул жерде "чоң мамлекет чоң чечет, кичинекей мамлекет баш ийет" болуп жатат деген пикирин билдирди. Өкмөт башчы ЕАЭБдин бардык чечимдери бүт мамлекеттерде аткарылышы керектигин белгиледи.
SUPER.KG порталы "Өкмөт башчы Абылгазиев ЕАЭБ алкагында Казакстан менен Орусия тарабынан бут тосуулар болуп, маселелер чечилбей жатканын айтты. Өлкө пайдасы жок биримдикте калышы шартпы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров ЕАЭБден чыгыш керек дегенден алыс экенин айтты.
"Бир-эки себеп менен ЕАЭБдин өлкөгө пайдасы бар же жок экенин айтуу туура эмес болуп калат. Себеби бул жерде биримдикке кирүүнүн алдында жол картасы түзүлүп, бир топ маселелер коюлган. Ошол мезгилде каражаттын эркин жүрүшү, жарандардын эркин кирип-чыгышы негизги маселе болгон. Мигранттарыбызга карата социалдык жана башка жеңилдиктер бар экендиги талашсыз. Ал жакта биздин 1 миллион жараныбыз эмгектенип жатат. Бир тараптуу карап баа берүү туура эмес. Бүгүнкү күнү вице-премьер-министрге суроо-талаптар коюлду. Орусия жана башка өнөктөш мамлекеттер менен соода-сатык, дипломатиялык мамилелерди эске алып, биримдиктен чыгыш керек деп айткандан алысмын. Бул жерде геосаясат жана башка маселелер бар. Ар бир мамлекеттин өзүнүн кызыкчылыгы болот. Бардыгы көрсөтүлгөн келишимдерге туура келиши керек", - дейт Бакиров.