Депутат Махабат Мавлянова: "ЕАЭБге киргенден кийин мигранттарыбыз үчүн жеңилдиктер болуп жатат". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чоң мамлекеттер ЕАЭБдин чечимин аткарбай, бут тосуу болуп жатканын айтты. Ал бул жерде "чоң мамлекет чоң чечет, кичинекей мамлекет баш ийет" болуп жатат деген пикирин билдирди. Өкмөт башчы ЕАЭБдин бардык чечимдери бүт мамлекеттерде аткарылышы керектигин белгиледи.

SUPER.KG порталы "Өкмөт башчы Абылгазиев ЕАЭБ алкагында Казакстан менен Орусия тарабынан бут тосуулар болуп, маселелер чечилбей жатканын айтты. Өлкө пайдасы жок биримдикте калышы шартпы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова ЕАЭБге киргенден кийин мигранттарыбыз үчүн жеңилдиктер болуп жатканын белгиледи.

"Менин көз карашым боюнча, 1 миллион жараныбыз Орусияда мигрант болуп жүрүшөт. Мындан улам бул биримдик бизге керек. Мигранттарыбызга жеңилдиктер болуп жатат. Мурда кыйынчылыктар болуп келген. Эгерде терс кадамдарды жасасак мамлекетке оорчулук жаратып алышыбыз мүмкүн. Экономиканын өнүгүшүнө мамлекеттин ичиндеги эле кызматкерлер себепкер. Ар бир өлкө өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт да", - дейт Мавлянова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан