Президент борбордук жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерин тартиптик жазага тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин 2020-жылдын 24-январындагы чечиминде көрсөтүлгөн сунуштамаларды аткаруунун алкагында борбордук жана башка мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, 2018-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" чечимин аткаруудагы жетишсиз иши үчүн эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине тартылат:

  • Улугбек Марипов - Эсеп палатасынын төрагасы;
  • Зайырбек Эргешов - Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
  • Акылбек Султанов - Улуттук статистика комитетинин төрагасы;
  • Бакытбек Сагынбаев - Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан