Ырчы Каныкейдин кыялын орундаткан Гүлжигит Сатыбековдун концертиндеги кызыктар

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков ырчы Каныкей менен "Сагынам" чыгармасынын ремикс вариантын аткарып чыгышты. Чыгарма Гүлжигит мырзанын филармониянын залында өткөн концертинде жаңырды. Ырчы Каныкей Гүлжигит Сатыбековдун репертуарындагы "Сагынам" чыгармасы менен бир кездерде "ооруп" жүргөнүн, көптөн бери аны менен дуэт аткарууну кыялданганын айтты.

Концертте Гүлжигит Сатыбеков көптөгөн жаңы, өзү айтмакчы "зымы чыккан" чыгармаларын жаңыртты. Жалгыз карындашым бар деген ырчы бир тууганына арнаган "Карындашым" ырынын бет ачарын жасады. Бир топ чыгармалардан кийин күйөрмандарынан гүл алган мырза "сахнадан гүл алуу ырахат, эгерде аны берген айымдын жүзүнөн өөп койсоң эки эсе ырахат" дейт.


Чыгармачылык кечени "Беш тапан" куудулдар тобунун жигиттери колдоп келишти. Алар көрөрмандарга күлкү тартуулап, залды кыраан-каткырыкка бөлөштү.

Тамашалардын арасында ырчынын чыгармаларынан турган номер өзгөчө болду. Алып баруучу Гүлжигит Сатыбеков жакында эле үй-бүлөлүү экенин ачыктагандан кийин айымдардан телефон чалуулар көп болуп жатканына токтолду. "Бүгүнкү концертте ошол айымдар менен жолугушуу болот, аларды Гүлжигит мырзанын секретары мен кабыл алам", - дейт Соке. Андан кийин сахнага Сатыбековду издеген айымдар (куудулдардын аткаруусунда) бирден чыгып жатышты. Алар ырчынын репертуарындагы чыгармалары аркылуу сезимдерин айтышты.

Ырчынын сахнага чыгышын чыдамсыздык менен күткөн күйөрмандарынын сүрөөнү, дүркүрөгөн кол чабуулары дээрлик токтогон жок. Гүлжигит Сатыбеков күйөрмандарынын суранычы менен аккордеондун коштоосунда бир нече ырларын аткарып, 2 жарым саатка белгиленген концертти дагы бир саатка узартты. Ар бир музыканын соңунда токтобогон кол чабууларды Гүлжигит мырза "мага ушул деле болот" деп токтотуп жатты.

Концерттин жыйынтыктоочу бөлүгүндө Гүлжигит Сатыбеков "зымы чыккан" чыгармасын аткарып, сахнага күйөрманын алып чыгып, куудул жигиттердин бири менен бийлетти.

Концерттин алып баруучусу - Союзбек Сейитказиев.

Концерттин өткөн жери - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы.

Убактысы - 5-6-7-февраль, саат 18:30.

Концертке келгендер - залдын 100 пайызы.

Жаш келиндерди “алдап”, Каныкейдин кыялын орундаткан Гүлжигит Сатыбеков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Islambek123
2020-02-05 23:40:39
Баракелде ырчынын баары сендей жонокой болсо,талантын ташкындай берсин ийкилик.
+17
DanilAylin
2020-02-06 00:11:17
Гулжигит Сатыбеков мыкты ырчы
+12
Adil18
2020-02-06 00:15:30
Ырлары маанилуу,уккулуктуу.
Чыгармачылык ийгилик каалайм.
+9
stal.ks
2020-02-06 01:03:18
концертин видеосун чыгаргыла коройлу
+12
AiperiO
2020-02-06 01:28:07
Ырлары уккулуктуу. Сонун. Дагы жаны чыгармаларды кутобуз
+10
Ernisbii
2020-02-06 02:34:37
Эң жакшы көргөн ырчым ырлары өтө манилүү талыкпас чыгармачылык каалайм.
+8
Nurbany
2020-02-06 08:43:52
Эээх Сатыбекоадун ырларын ооруп угамдаа керемет чыгармаларды жаратат
+6
Erik2018
2020-02-06 12:18:50
Ушул куудулдардын аялдын кийимин кийип аткаргандан башка пародиясы жокго. Азыркыларда изденүү деген нөл.
-1
Asianna---
2020-02-06 12:55:36
Гулжигит мырза сизди ото сыйлайм чыгармачылыгынызга таазим этем сонун адамсыз
+1
Elina9695
2020-02-06 13:26:05
Москвада иштеп жургондо Москва д ырын угуп Бир башкача болосунда
+1
bond02
2020-02-06 16:58:09
Найк
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан