Түркияда 5-февралда жүргүнчү ташыган учак конуу учурунда тилкеден чыгып, үчкө бөлүнүп калгандыгы маалымдалган. Ичинде 177 жүргүнчү жана борттун 6 кызматкери болгон. Түркия өлкөсүнүн расмий мекемелери билдиргендей, кырсыктын кесепетинен 130дан ашуун адам жаракат алышты.
Жабырлануучулардын экөө Кыргыз жараны экенин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"К.Н. жана И.А. аттуу Кыргыз жарандары жаракат алышкан. Аларга Стамбул шаарындагы ооруканалардын биринде тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери мекендештердин абалы менен таанышты. Дарыгерлер алардын абалы канааттандырарлык экенин консулдуктун кызматкерлерине билдиришти", - деп жазылат маалыматта.
Жабырлануучулар 24 саат бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Андан кийин бейтаптар дарылануусун кайсы жактан улантары тууралуу маселе каралат.