7 адам жаракат алды. Кочкордо жүк ташуучу унааны 2 жеңил унаа сүзүп кетти

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2 жеңил унаа жолдун четинде токтоп турган жүк ташуучу унааны сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 7 адам жаракат алганын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"5-февраль күнү саат 20:00 чамасында Жаңы-Жол айылындагы Сагымбай Орозбаков көчөсүндө Дэу Нексия жана ВАЗ-2107 үлгүлөрүндөгү унаалар жолдун жээгинде токтоп турган ЗИЛ-130 оор жүк ташуучу унаасын сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Дэу Нексия унаасынан 4 эркек адам, ВАЗ-2107 унаасынан 2 эркек адам жана жүк ташуучу унаадан бир адам жеңил жаракаттарды алышты. Каза болгондор жок", - деп жазылат маалыматта.

Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан