Өзүн "кыргыздын деми" атаган ырчы Гүлзат Мамытбекти мурдагы күйөөсү Талант Курманкулов сотко берди. Мындан тышкары, ал Гүлзат айымдан 5 миллион сом талап кылды.
Талант мырзага байланышканыбызда, ал Гүлзат Мамытбек менен эмнеге соттошуп жатканын мындайча түшүндүрдү.
"Гүлзат 1 жылдан бери тынчымды алып, балдарыбызды өзүнө алуу үчүн кайра-кайра сотко берди. Кадыр-баркыма шек келтиргендиги үчүн Биринчи Май райондук сотуна кайрылгам. Биринчи процесске экинчи тарап келбей койгондуктан, отурум 19-февралга калтырылды.
Ал эми каражат боюнча айтсам, 5 миллион сомдун мага кереги жок. Гүлзат андай каражатты төлөй албайт", - дейт ал.
Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкулов расмий түрдө 2016-жылы ажырашкан. Алардын ортосунда үч баласы бар. Улуусу Талант мырза менен, экөө ырчы айым менен калган.