5-февралда Бишкектеги Манас кең көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинде жол кыймылын көзөмөлдөгөн кайгуул кызматкерине айдоочу кол көтөрдү. Бул тууралуу видео социалдык тармакка жарыяланды.
Анда тыгында турган Тойота Камри үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унаадан чыгып, патрулдук милицияга кол көтөргөн. Окуянын күбөлөрү айдоочу кызматкерди сөккөнүн да айтышкан.
Бүгүн, 6-февралда патрулдук милициянын басма сөз катчысы учурда айдоочу изделип жатканын билдирди.
"5-февралда болжол менен саат 17:00 чамасында Манас кең көчөсү менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочу милициянын кайгуул кызматкерине орой мамиле жасаган. Ал жол кыймылын көзөмөлдөп жаткан кызматкерге "унааларды бир тарапка эле өткөрө бересиңби?" деп асылган. Айдоочу кызматкердин талабына баш ийбей автоунаасын айдап кетип калган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда айдоочуну издөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп кабарлайт маалымат катчы.