Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов "Манас", "Ош" жана башка аэропортторду тышкы башкарууга берүү тууралуу план бар экенин билдирген. Андан кийин өкмөт мүчөлөрү бул демилге аэропорттордун өнүгүшүнө өбөлгө түзө турганын айтышкан. Кечээ, 5-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Кыргыз мамлекетинин аэропорттору менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет" деп белгиледи.
SUPER.KG порталы "Өкмөт Кыргыз аэропортторун тышкы башкарууга бермек болуп жатат. Стратегиялык объектилерди иштетүүгө өкмөттүн өз дарамети жетпейби?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов жакшы иштеп жаткан ишканаларды тышкы башкарууга берүүнүн кажети жок экенин айтты.
"Аэропортту азырынча тышкы башкарууга бере элек. Учурда изилдеп жатышыптыр. Жогорку Кеңештин комитет жыйынында дагы бул маселени көтөргөнбүз. Анда мен өз оюмду айткам. Жакшы иштеп жаткан ишканаларды берүүнүн кажети жок. Чыгашалуу болуп жаткан аэропортторду тышкы башкарууга берсе болот. Ысык-Көлдүн аэропортун берсе болот. "Манас" аэропортун тышкы башкарууга берген туура эмес", - дейт Ормонов.