Ош облусунун Араван районунда 15 жаштагы кызын зордуктап жүргөн ата өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облусунун сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Араван райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.
Ал эми чечим 5-февралда чыккан.
Окуянын чоо-жайы:
Араван районунда 15 жаштагы кызды өз атасы бир жылдан ашуун убакыттан бери зордуктап жүргөн. 11-декабрда окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Шектүү ата кармалып, учурда камакта. Азыркы тапта тергөө бүтүп, бардык тийиштүү материалдар Араван райондук сотуна жөнөтүлгөн.
Жабырлануучу кыз 15 жашта. Анын апасы мындан 4 жыл мурун каза болуп калган. Кыз атасы жана туугандары менен жашап келген.