Өкмөт өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча кечиктирилгис иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, план үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү жөнүндө маселелерди артыкчылык катары караган өкмөткө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынынын чечимдерин аткаруу үчүн иштелип чыкты.
Буга чейин вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жүрүм-турум нормаларын өзгөртүү аркылуу зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу, жоопкерчилик чараларын күчөтүү, укук сабатын, билимди көтөрүү, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, маалыматтык-агартуучулук иштерди кеңири жүргүзүү боюнча ири комплекстүү иштерди аткаруу иштери алдыда турганын айтты.