"Кечирдим". Караколдо күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Ал эми Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктап, буларды билдирди.

"Келин тосмо арыз жазды. Бирок бул иш факты боюнча тергелип, учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Келин тосмо арыз жазгандыгынын себебин жолдошу менен элдешкенин, бири-бирин жакшы көрөрү менен түшүндүргөн. Мындан улам аны кечиргенин билдирген", - деди басма сөз кызматынан.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Учурда келиндин күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал эми жабырлануучу окуяны мындайча айтып берген.

Караколдо күйөөсү өрттөп салган келин аны кечирдиби?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Alpen.gold
2020-02-07 09:39:35
Жакшы көргөн адам өрттөп жиберет беле.Неге тосмо арыз жазат деймда.Эми келип өлтүрүп кетепесе болду
0
JaneEr
2020-02-07 10:19:19
Тобаа эмнеге кечирет?
+5
Asianna---
2020-02-07 10:23:27
JaneEr,ошону айтсаныз аялдарга бир эки ооз жакшы соз суйлоп койсо кечирип жиберебиз да
+6
sinej
2020-02-07 10:30:25
Бизде аял кишинин кадыр баркы диний, салтуу коз караштар менен басмырланып келет. Жаштар арасында ашкере диний коз карашты жайылтпаш керек. Аягы барып коомдо аялдардын оор кунумдук жашоо турмушуна алып келет.
+3
Kyrgyz-aiym
2020-02-07 10:38:48
sinej кечир тууганым туура эмес ойлопсун эгер дин менен жашаса андай кылмак эмес динде аялынарды кордогула делбейт аялындын тамчы жашы учун жооп бересин делет
+8
Mirlan27011987
2020-02-07 11:38:21
Kyrgyz-aiym,
Ислам динин тутунган коп олколорду карагыла. Аял кишинин кадыр баркы ото томон. Аял кишини басмырлашат. Коомдук маданий иштерге аралаштырбайт. Аялдары уй камагында эле жашашат. Бизде мечиттерде аялдарды тыйгыла, суйлотпогуло - деген сыяктуу пропагандаларды молдолор байма бай жаштар арасында тымызын жургузуп жатышат. Бийлик мындай молдолорго катуу чара коруш керек.
+2
Agayu
2020-02-07 10:48:45
Эмнеге жагымсыз нерсе болсо эле Динди ортого кыса кетесиңер? Эмне туулганыңарга да Дин күнөөлүбү? Динде эч кандай күнөө жок , жэке ал адамдын дүнүйө көз карашына баалык .Акылыңарды аз маз өрчүткүлө , калганын оңой эле түшүнүктүү болуп калат.
+7
Aikaaaa
2020-02-07 11:27:39
Бул жерде диндин тиешеси жок, намаз окугандын баарыле сонун эмес, динсиз жүргөндүн баарыле келесоо эмес. Эми бул аял, негизи эле аялдар өзүбүздү сыйлабайбыз. Сыйласак мындай көрүнүштөр болбойт болчу. Аял кулагы менен сүйөт деген сөздүн дагы бир далили, эркек жакшы сүйлөп, сүйөм, күйөм деп өзүнүн тагдырын ойлоп алдап койду, ага аялы ишенип калды. Бир аз убакыт өткөндөн кийин тиги киши куйругун кыпчып алып жоголот, бүттү аял аны экинчи көрбөйт
+3
Aselya_9105
2020-02-07 12:16:11
Биздин коомдо аялды миң кордоп, сабап, кыйынчылк тартса да жашаш керек, чыдаш керек, балдар үчүн, ал үчүн бул үчүн, анан "эл эмне дейт?" деген ой жүгүртүүлөр менен чыдап калып калышат. Муну менен аялдын укугу тебеленип жатат. Качанга чейин ушинтип жүрүү керек? Аялдар да өзүн сыйлай билүү керек деп ойлойм, чыдап жашоо керек десең өмүр бою чыдоого туура келет деген ойдомун. Жогорудагы адам деле ушуну менен токтоп, аялын бактылуу кылаарын бир Кудай билет.
0
chake
2020-02-07 12:26:38
Кечиримдүү болгон кандай жакшы сапат экенин бильейсинерда баарыбыз кечиримдүү бололу алам баласы баарыбыз кемчиликтүүбүз сабырдуу кечиримдүү бололу
+1
Gulya78
2020-02-07 12:51:23
Жакшы көрбөй эле коркутса керекта өлтүрөм деп
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-02-07 13:00:37
Жиндилер
0
katerina.li
2020-02-07 21:25:21
Дура она и не лечится
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан