Чүйдө белгисиз жарандар унаа менен бара жаткандарды токтотуп, тоноп кетишкен

Чүй облусунда каракчылыкка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-январында болжол менен саат 13:30дарда Ысык-Ата районунун айылдарынын биринде Мерседес-Бенц автоунаасында бара жаткандарды Субару үлгүсүндөгү унаа тоскон. Унаадан болжол менен 25-30 жаштар чамасындагы белгисиз жарандар 26 жаштагы О.Э. менен 22 жаштагы Т.Э.ни тапанча менен коркутуп, үч мобилдик телефон, салондо болгон азык-түлүктөрдү жана майда акчаларын физикалык күч колдонуу менен тартып алган. Андан кийин алар изин жашырып кетишкен.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында карактоого шектелип 30 жаштагы А.А жана 31 жаштагы М.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан