"Ош базарында" чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт саат 09:10до толук өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 270 чарчы метр. Жабыркагандар жок.
Жалпы беш бөлүм тартылган. Мындан сырткары, ИИМден 100 кызматкер жана жол коопсуздугунан 12 экипаж, ошондой эле "Тез жардам" кызматынан 1 бригада тартылган.
Өрт бүгүн, 7-февраль күнү таңга жуук Киев менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде "Ош базардын" аймагында жайгашкан дүкөндөн чыккан.