Караколдо күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арызды күйөөсү коркуткандан улам жазган

Бүгүн, 7-февралда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйөөсү бензин чачып, өрт коюп жиберген келин тосмо арыз жазып бергени боюнча маалымат чыккан. Жабырлануучунун жактоочусу Эсения Рамазанова келинди күйөөсү телефон чалып, коркуткандан улам тосмо арыз жазгандыгын билдирди.

"Бул келиндин күйөөсү мурда дагы аны бычак менен өлтүрөм деп коркутуп, камалганда тосмо арыздын негизинде кайра чыккан. Ал эми бул жолку да жабырлануучуну кимдир-бирөөлөр телефон аркылуу "арызыңды акырын барып ал, болбосо өлтүрүп кетем" деп коркутушкан экен. Мындан улам келин эч кимге айтпай, акырын барып жазып коюптур. Негизи бул окуя болгондон кийин арызды кыздын атасы жазган. Ал эми азыркы кодексте тосмо арыз деген башкача. Тактап айтканда, жаңы үлгүдө элдешүү, макулдашуу тууралуу гана жазылышы керек. Бирок келиндин жазган арызы андай жазылган эмес. Демек бул арыз кабыл алынбайт. Ошондой эле тергөөчү дагы бул иш факты менен гана тергелерин арыз жардам бербей тургандыгын билдирди. Азыр эми жабырлануучу келин азыр тергөөчү жумушка келсе "тосмо арыздан баш тартам" деп кайра арыз жазганы жатат", - деди жактоочу Рамазанова.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жолдошу жубайына бензин чачып, өрт коюп жиберген. Анда келиндин манжалары, бети жана буту күйгөн. Окуя 4-январь күнү болгон. Учурда келиндин күйөөсү кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал эми жабырлануучу окуяны мындайча айтып берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
chake
2020-02-07 15:23:58
бирөөнүн семьясына башыңарды тыкпай эле койсоңор өздөрү чечишип алса болду дв
-6
kechirmeni
2020-02-07 15:45:46
ушуга окшогон куйоолорду тергебей эле камаш керек боштондукта журсо дагы зыян келтириши мумкун
+7
patiydin
2020-02-07 16:20:57
Эрлу катын крушат, эси кетген болушат.
-4
Gulya78
2020-02-07 19:16:14
patiydin,бул эрди катын урушу эмес мыкаачылык өлүп калышына аз калган
+3
katerina.li
2020-02-07 21:23:40
Дура она
И этим все сказано
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан