Бүгүн, 7-февралда Бишкектеги Киев-Логвиненко көчөсүндө Мерседес-Бенц Спринтер менен Тойота Ипсум унаалары сүзүшкөн. Кырсыктан 1 адам жабыркап, Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилгенин патрулдук милициядан маалымдашкан.
Аталган мекемеден жол кырсыгы тууралуу толук маалымат беришти. Ага ылайык, кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган О.В. жана 2003-жылы туулган Э.А. жаракат алышты.
"Тойота Ипсум унаасын 1982-жылы туулган Г.С. аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал Тоголок Молдо-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен маршруттук унаа менен сүзүшкөн. Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын айдоочусу 1996-жылы туулган Т.Т. аттуу жаран болгон. Кырсыктан улам маршруттук унаанын ичиндеги эки кыз, бири көкүрөгүнөн, экинчиси башынан жаракат алышты", - деп билдиришет маалымат кызматынан.