Сүйлөшкөн кызынын ишенимине кирип, телефонун алып, күрөөгө коюп салган деп шектелип, 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"13-январь күнү И.А. аттуу жаран Д. аттуу сүйлөшкөн жигити 16 миң сомдук уюлдук телефонун "бирөөгө чалып алайын" деп сурап, телефонду күрөөгө коюп, акчасын коротуп салганын айтып, Октябрь РИИБине арыз менен кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берене (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектелип 1998-жылы туулган О.Д. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда алдамчылыкка шектелип кармалган жарандын башка кылмыштарга тийиштиги бар же жогу текшерилүүдө", - деп жазылат маалыматта.