Рулду 35 жаштагы аял башкарып бара жаткан. Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде айдоочу жөө адамды сүзүп кетти. Рулду 35 жаштагы аял башкарып бара жатканын патрулдук милициянын маалымат кызматынан кабарлайт.

Кырсык бүгүн, 7-февралда саат 17:00 чамасында Жусуп Абдрахманов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды.

"Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1973-жылы туулган Г.О. аттуу жөө адамды сүзүп алган. Айдоочу 1984-жылы туулган К.К. аттуу айым болгон. Жабырлануучу алган жаракатынан улам Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди", - дейт маалымат катчы.

Бишкекте айдоочу жөө адамды сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2020-02-07 20:35:29
Аялбы эркекпи жоопко бирде тартуу керек, кобунчо аялдар бироолор аркылуу жоопкерчиликтен кутулуп кетишчу эле.
+2
Shekeev969798
2020-02-08 18:10:54
Аял деп белгилеп айтасынар да! Аялбы эркекпи жон эле бир адам деп айткыла болбой
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан