Бишкектеги №3 балдар ооруканасына, Улуттук госпиталга кирип телефон уурдап жүргөнгө шектелип, 21 жаштагы эки жаран кармалды.
Октябрь РИИБине 2019-жылдын декабрь айында Р.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда №3 балдар ооруканасынан жалпы суммасы 37 миң 500 сом болгон эки телефон уурдалганы кабарланган.
2020-жылдын 9-январында шаар тургуну К.К. №3 балдар ооруканасынан анын эки телефону уурдалганын айтып, укук коргоо кызматкерлерине кайрылган. Арыздануучу уурдалган буюмдун жалпы суммасын 25 миң сом деп баалаган.
5-февралда А.У. аттуу тургун Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнөн 17 миң сомдук телефонун уурдатып алганын айтып, Октябрь РИИБине кайрылган.
Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "уурулук" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Издөө жана тергөө иштеринин алкагында Т.А. жана Н.Т. аттуу жарандар шектүү делинип кармалды. Экөө тең 1998-жылы туулган. Кылмышка шектүүлөр өздөрүнүн эрки менен уурдалган смартфондорду кайтарып беришти. Учурда алар убактылуу кармоочу жайда", - деп кабарлашты Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан.