Бишкекте унаанын ичиндеги барсетканы уурдаган деген шек менен 29 жаштагы жаран колго түшүрүлдү. Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлагандай, барсетканын ичинде 15 миң 300 сом жана документтер болгон.
2019-жылдын 1-ноябрында шаар тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылып, Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаасынан барсеткасын уурдап кеткен жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ыкчам тергөө иш-чарасынын жүрүшүндө 1990-жылы туулган Ж.Д. шектүү делинип кармалды. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги териштирилип жатат", - деп билдирет маалымат катчы.